Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эсине келгидей кылып катуу жазалоо, ийге келтирүү, көргүлүктү көрсөтүү, теске салуу. О, кайран жеңем, ишке жарайт! Биздин айылдын катындарынын адебин колуна берип, акесин таанытат (Борбиев). Тапанчасын кара иттин! Ошонусу болбогондо, акесин таанытмак элем (Байтемиров). Ошо тапта не бир көпкөн манаптардын акесин таанытып,... журт алдында шылдың кылды (Өмүрбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эсине келгидей кылып катуу жазалоо, ийге келтирүү, көргүлүктү көрсөтүү, теске салуу. О, кайран жеңем, ишке жарайт! Биздин айылдын катындарынын адебин колуна берип, акесин таанытат (Борбиев). Тапанчасын кара иттин! Ошонусу болбогондо, акесин таанытмак элем (Байтемиров). Ошо тапта не бир көпкөн манаптардын акесин таанытып, ...журт алдында шылдың кылды (Өмүрбаев). В.: Акесин көзүнө көрсөтүү. Ачуусу боюнан тарай элек Дөөт кол шилтеди: – Мен анын акесин көзүнө көрсөтөм! (Осмоналиев). Атасын таанытуу. Токто, атаңды таанытам! Эргештин өңү кубулуп, тишине тишин коюп жете келди (Мияшов). – Чык быякка, салпаяк, эмесе атаңды таанытам («Советтик Кыргызстан»). – Атын байлап койгула. Айыбы үчүн союп алабыз. Мындан ары атасын тааный жүрсүн (Каимов). Атасын көзүнө көрсөтүү. Алар болбогондо атасын көзүнө көрсөтпөйт белек (Баялинов). Жети атасын таанытуу. Кандай болот экен! Жети атаңды таанытам! Мына сага. Көзүнөн чаары чыккан Оросул Эсирди басып калды (Осмоналиев). Жети атасын көзүнө көрсөтүү. Уятсыз макоо! Кемпир жети атамды көзүмө көрсөттү дегиң келбейт экен да! («Ала-Тоо»).Чоң атасын таанытуу. Айткан тилиңди албаса, чоң атасын таанытпай жаның жокпу? («Чалкан»). Бабасын таанытуу. Сенин бабаңды таанытам мен азыр («Чалкан»).